Бишкектеги сейил бактардын биринде 19 жаштагы кыз иштеп жаткан аттракциондон кулап түштү. Окуя 31-мартта болгону айтылды. Жабырлануучунун абалы тууралуу дарыгер “баш мээси жабыркап, бет сөөктөрү сынган. Учурда абалы оор бойдон калууда” дейт. Парктын администрациясы аттракциондордун баары тиешелүү абалда экенин, инструкторлор аны иштетүүнүн алдында кардарларды текшерип чыгарын билдирди. Ошондой эле аттракционду иштетер алдында кызга бутун темирден чыгарбоону бир нече ирет эскерткенин, бирок ал аны аткарбаганын айтты.
Орозайым Нарматова көзүнө жаш алды | Өзгөндө өткөн китептин бет ачар аземи
Өзгөн шаарында саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын бейнеси тууралуу коомдук активист Асылкан Төлөнбаеванын “От кармаган Орозайым” аттуу китебинин...