Коңурук эмнеси менен коркунучтуу? Адис жооп берет
Сиз же сиздин айланаңыздагылар коңурук тартабы? Уйкудан турганда үстүңүздөн танк тебелеп кеткендей “жанчылып” каласызбы? Коңурукту дарылап, токтотсо болобу? Анын айланагыдагыларга эле эмес, коңурук тарткан адамдын өзүнө кандай терс таасири бар? Эмнеге адамдар карыганда аз уктап калышат? Бул ирет биз коңурук жана дүйнөдөгү эң таттуу нерсе уйку тууралуу кардиолог-сомнолог Мыктыбек Тургунов менен сүйлөшүп, суроолорго жооп алдык.