АЙДОО ФЕСТ 2025: Фестивалдын биринчи күнү ийгиликтүү жыйынтыкталды! Фестивалда жер айдоо боюнча жарыш өтүп, анын тандоо турунан финалга Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынын командалары чыкты. Эми 27-апрель күнү бул 3 облустун мыкты механизаторлору баш байге — Lovol TE354 тракторун жеңүү үчүн күч сынашат! Ошондой эле фестивалдын алкагында өткөн кой кыркуу боюнча мелдеште 20 катышуучу өз чеберчилигин көрсөтүп, байгеге ээ болушту. Фестивалда айыл чарба техникаларынын жарманкеси, улуттук оюндар, балдар үчүн атайын аянтчалар, мыкты ашпозчулардан палоо жасоо боюнча мастер-класстар жана белгилүү эстрада ырчыларынын концерти көрүүчүлөргө чоң майрамдык маанай тартуулоодо. 27-апрелде финалдык таймаштар өтөт! Бардык каалоочулар жана күйөрмандар Сокулук районунун Кожомкул айылындагы майданга барса болот. Кирүү акысыз! Толук маалымат үчүн байланыш телефондору: +996 550 211 839, +996 556 008 485
Айдоо fest. Кой кыркуу таймашын таластык мырза утту!
- Categories: ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
Related Content
“Мурдаш айылында мага атаандаш келин жок” | Жаржарчы Тахмина Азиз кызы
Автор
Айзада Тураркулова
18:02 27.12.2025
“Кытайдан түз келген арзан кийимдерди “Күлкүлүү баадан” алыңыздар"
Автор
Айзада Тураркулова
16:44 18.12.2025
Айыл Банк аркылуу заңгыраган үй алган жазуучу
Автор
Айзада Тураркулова
16:59 19.11.2025
Таласты эми тааныбайсыз
Автор
Айзада Тураркулова
14:44 15.10.2025
Орусиялыктарды таң калтырган Кайыргүл
Автор
Айзада Тураркулова
10:57 08.10.2025