Айыл Банк Кыргызстанда биринчилерден болуп кызматтар үчүн эсеп алуу жана төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыздаган Абиллинг универсалдуу санарип платформасын ишке киргизди. Долбоор Эне жана баланы коргоо борборунан старт алып, азыркы тапта бул жерде медициналык кызматтар үчүн төлөмдөр ушул система аркылуу жүргүзүлүүдө. Бирок Абиллингдин мүмкүнчүлүгү медицина менен эле чектелбейт.
Абиллинг — бул Айыл Банк тарабынан толугу менен иштелип чыккан санариптик курал. Ал медицина, билим берүү жана мамлекеттик кызматтар сыяктуу ар түрдүү тармактардагы кызматтар үчүн төлөм процессин тез, ачык жана коопсуз кылат. Пациенттер, кардарлар же жарандар QR-код аркылуу барын оңой жүргүзө алышат.