Abank_nov
SerepTV Logo

«Чаарат Заав» 166 млн долларлык бюджет менен Түлкүбаш долбоорунун курулушун баштады

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Түлкүбаш» алтын долбоорунун курулуш этабы башталды. Канадалык Silvercorp Metals компаниясы менен «Кыргызалтын» ААК биргелешкен ишканасы болгон «Чаарат Заав» ЖАК жылына болжол менен 110 миң унция алтын өндүрүү күтүлгөн алтын казып алуу жана кайра иштетүү комплексин түзүүдө. Курулуштун бюджети 166 млн АКШ долларын түзөт, өндүрүштү ишке киргизүү 2028–2031-жылдарга пландаштырылган. 2026-жылдын 15-октябрында долбоордун аянтчасында убакыт капсуласын салуу аземи болуп өттү. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Silvercorp Metals компаниясынын, «Кыргызалтын» ААК, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аксакалдар жана Чаткал районунун тургундары катышты. «Чаарат Заав» компаниясы буга чейин Чаткал районунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, Түлкүбаш жана Кызылташ алтын казып алуу долбоорлорун өнүктүрүү боюнча иш алып барган. Эми долбоорлордун кийинки этапка өтүшү жана өндүрүштүк инфраструктуранын түзүлүшү аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат», — деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев. Катышуучуларга «Чаарат Заав» ЖАК ишмердүүлүгү жана компаниянын «Түлкүбаш» жана «Кызылташ» аттуу эки долбоорунун өнүгүшү тууралуу видеорепортаж көрсөтүлдү. «Түлкүбаш» долбоорунун курулушу эки долбоордун биринчи этабы болуп саналат. «Келечекке көз чаптырып, биз бүгүнкү курулуштун башталышын жаңы этаптын башталышы катары кабыл алабыз», — деп белгиледи «Чаарат Заав» ЖАК директорлор кеңешинин мүчөсү Хун Сун мырза өзүнүн кириш сөзүндө. «Курулуш иштерин илимий-техникалык негизде уюштуруп, ар бир процессти кылдат башкаруу менен биз «Түлкүбаш» долбоорунун биринчи этабын ырааттуу ишке ашырабыз. Ошол эле учурда «Кызылташ» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн бекем пайдубал түптөп, «Чаарат» кенин Кыргызстандын аймагындагы эл аралык тоо-кен компанияларынын кызматташтыгынын үлгүсүнө айландырууга умтулабыз». Инвестициялар жана Кыргызстандын катышуусу Долбоорлор «Чаарат Заав» ЖАК 30% үлүшүнө ээ болгон мамлекеттик «Кыргызалтын» компаниясынын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылууда. Бул үлүш free-carried interest шарттарында, башкача айтканда, кыргыз тарапка долбоорду каржылоо милдеттенмеси жүктөлбөстөн берилген. Silvercorp Metals ишкананын 70% үлүшүнө ээ жана долбоорлордун оператору болуп саналат.

SEREP MEDIA