Казакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жок

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы «Ак-Тилек автожолу» постунда карантиндик фитосанитардык көзөмөл учурунда Казакстандан импорттолгон 56 тонна пияздын Фитосанитардык сертификатындагы маалыматтар транспорттук (жүк ташуу) документтериндеги маалыматтарга дал келбестигин аныктады.
Фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар транспорттук документтер менен шайкеш келбегендиктен, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктуна ылайык (2010-жылдын 18-июнундагы № 318 Бажы союзу комиссиясынын чечими) аталган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө уруксат берилген эмес жана жүк жөнөтүүчүгө артка кайтарылган. Министрлик бардык импорттоочуларга фитосанитардык талаптарды так сактоону эскертет.