СуперТВнын «Тузу оор кесиптер» долбоору бул ирет 10 жылдан ашык убакыттан бери таттуу кебез сатуу менен алектенген Байыш Закировдун иши тууралуу материал жасадык. 60 жаштан ашканына карабай 15 чакырым аралыкты жөө басып, шаар көчөлөрүн аралап пахта кант саткан каарманыбыздын көп жаштарга, деги эле коомчулукка үлгү боло ала турган жактары көп. Ал бул ишке кантип келип калганын, ооруганына карабай адал эмгек менен нан таап келе жатканын айтып берди.
«Европанын дүкөнүндө сатылган буюмдарды Оштогу «Мега хендден» сатып алыңыз»
27-апрель күнү Ош шаарында Европадан келген кийимдерди саткан “Мега хенд” дүкөнү ачылды. Бул Кыргызстандагы үчүнчү дүкөн болуп калды. Толугу менен...