12-апрелде Бишкек шаарынын мэри Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 токтому менен бекитилген 107 гектар Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. Мэр мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер парктын аймагына кайтарылышы керек деп эсептейт. Бул билдирүүдөн соң дал ошол аймакта жайгашкан турак-жай ээлери SUPERTV’га кайрылышты. Жашоочулар “бул маселеге байланыштуу бир кошунабыз көп кейип, бара-бара ден соолугу начарлап, көз жумду. Биз бай эмеспиз. Маңдай-тер менен тапкан каражатыбызга сатып алган үйлөрүбүзгө тийбегиле” дешет.
Африкага күйөө бала болгон Марат
Блогер жана саякатчы Марат Ниязмат уулу сүйүктүүсү Люси менен баш кошуп, Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Биз жаңыдан түтүн...









