Биздин бул жолку каарманыбыз 27 жаштагы Алмаз Курманкулов. Ал жол салуучу компанияда иштеп жатып токко урунуп, натыйжасында 2 кол, 2 бутун кестиргенин айтып, көрсөтүп берди. “Бул окуядан кийин сүйлөшкөн кызым кабарлашпай калды. Анткен менен, протез кийип, элге аралашкым, үйлөнүп, балалуу болгум келет” дейт ал. Ал эми жол салуучу компания эмне дейт? Толугу менен видеодо.
Итке таланган баланын окуясы. “Балам 2,5 жашында апасынан калган”
1-апрель күнү Бишкек шаарынын Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда 5 жаштагы Умарды иттер талап кеткен. Натыйжада бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган....









