Abank
SerepTV Logo

“70 жаштагы ата-энемдин мени багып жатканы өкүндүрөт” | Тагдыр

32 жаштагы Максатбек Медербек уулу 2019-жылы курулушта кулап, жүлүнүнө доо кеткен. Мындан улам ал 7 жылдан бери төшөктө. “Көкүрөгүмдөн ылдый жагым иштебейт” деген аны 70 жаштагы ата-энеси багат. Алар уулун көтөрүп, кашык менен тамак берип, жуунтуп, дааратканага алып барып карашат. “Жок дегенде өз алдынча жөрмөлөп, оодарылганга жарап калсам деп тиленем. Ата-энемди мен багар кезимде алар мени багып калганы өкүндүрөт. Алардын кыйналганын көрүп, дүйнөгө батпай кетем” дейт каарманыбыз. Медербек уулунун баяны видеодо. Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: Мбанк: 0990 11 36 05 (Максатбек М.) О!Деньги: 0990 11 36 05 (Максатбек М.)