АКШнын Индиана штатында жол кырсыгына кабылып, 4 адамдын өлүмүнө айыпталып жаткан 30 жаштагы кыргызстандык Бекжан Бейшекеевдин жакындары окуя тыкыр иликтенип, акыйкат чечим чыгышын каалайт. ТИМ Бейшекеевдин туугандары менен жолугушуу өткөрүлгөнүн жана Чикаго шаарындагы Башку Консулдук Бекжан менен телефон аркылуу байланышып, ага консулдук-укуктук консультация өткөрүлүп, андан аркы аракеттерине байланыштуу тиешелүү сунуштар берилгенин айтты. Мигранттын агасы жана эжеси “Окуя болгон күндөн бери ата-энебиздин абалы начар. Инибиздин атынан бул жол кырсыкта каза болгондордун жакындарынан кечирим сурайбыз” дейт.
Жин чыгаруунун баасы канча?
Жинолог Бекбар Жээренчиев менен маектештик. "Сыйкырдын түрлөрү бар, адам кылган сыйкыр менен жиндердин сыйкыры такыр башка, андай нерсени көтөрүш дагы...









