Коомчулукка Раим миллион аты менен таанылган Раимбек Матраимовдун өлкө аймагынан чыгарып кеткен акчалары, мурдагы бажычынын байлыгы тууралуу курч иликтөөлөрдү жасап, оозго алынган иликтөөчү журналист Али Токтакунов журналисттик иликтөөлөр фондун ачты. 18-февраль күнү фонддун ачылуу иш-чарасы болуп өтүп, ага журналисттин кесиптештери, санаалаштары жана жакындары катышты. Анда фонддун негизги максаты, багыты жана пландары тууралуу айтылып, Кыргыз темир жолундагы коррупциялык системанын бетин ачкан иликтөө биринчи ирет көрсөтүлдү.
Жарым кылым экрандан түшпөгөн актёр рак менен алышууда
Бир канча тарыхый тасмаларда роль жараткан актёр, КРнын Эмгек сиңирген артисти Абдыкалык Акматов оор абалда ооруканада жатат. Биз анын абалын...









