Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы белгиленүүдө. Бул майрамды утурлай Степное айылындагы аялдар абагына бардык. Анда темир тор артында жазасын өтөп жаткан аялдарга майрамдык концерт уюштурулду. Биз дал ошол концертке күбө болуп, аны менен катар айрым жаза өтөөчүлөрдүн баянын угуп келдик.
Ракка кабылган эне: “Жолдошум, кыздарым, силерди кыйнап койдум. Кичине чыдап койгулачы”
Буга чейин биздин каналда “Кокус көзүм өтүп кетсе кыздарды жакшы кара” деген аталыштагы видеоматериал жарык көргөн. Анда каарманыбыз Айгерим Төлөгөнова...









