Бүгүн, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өттү. Маршка жалпы жонунан 200гө жакын жарандык активисттер катышышты. Алар саат 13:00дө Борбордук аянттагы Ак үйдүн алдына чогулушуп Чүй көчөсүн бойлой Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүш кылышты. Иш-чарада аялдарга карата сексуалдык жана физикалык зомбулук, кыздарды ала качуу менен мажбурлап турмуш курдуруу, келиндерди басмырлоо көйгөйлөрү айтылды. Ошондой эле бийлик тарапка аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө бир катар талаптар айтылып, коюлду.
Аксакалдар чогулуп абалак ордо ойноду. Ким утту?
Биздин чыгармачыл топ бул жолу улуттук абалак ордо оюнунун финалдык беттешине барып, кызыктуу таймашка күбө болуп кайттык. Бул саамалыкка өлкөнүн...










