Дилбара Асанакун кызынын башынан кечирип жаткан аянычтуу тагдырын биз өткөн жылдын январь айында тартканбыз (
• “Кош бойлуу кезим… ) Анда ал рак менен күрөшүп жатканын, биринчи күйөөсү оорудан каза тапса, экинчиси таштап кеткенин айткан эле. Арадан 1,5 жыл өттү. Бүгүнкү күнү каарманыбыз 2 баласын дале жалгыз багууда. Ал бул видеодо “өмүрүмдүн акыркы айларын жашап жатканымды сезип калдым. Көзүм өтүп кетсе, балдарымдын көрөр күнү эмне болот “ деп ыйлап, учурдагы жашоосу тууралуу айтып берди. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0709 33 29 33
Жарым кылым экрандан түшпөгөн актёр рак менен алышууда
Бир канча тарыхый тасмаларда роль жараткан актёр, КРнын Эмгек сиңирген артисти Абдыкалык Акматов оор абалда ооруканада жатат. Биз анын абалын...









