Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда каза тапкан 12 жаштагы Мадина, ала качуунун курмандыгы Айзада, моюнуна дөңгөлөк асылган аял… Ушул жана башка коомдогу актуалдуу маселелерди чагылдырган иллюстрациялык сүрөттөрдү сиз да көрсөңүз керек. Бул ирет биз дал ошол сүрөттөрдү тарткан сүрөтчү Татьяна Зеленская менен тааныштырабыз. Өлкөдөгү маселелерге кайдыгер карабаган Зеленская коомчулукка айтайын деген сөзүн калемдин күчү менен жеткирет.
Кампада жашаган аял: “80ге таяп калган жолдошум таштап, балдарына кетип калды”
Салкынай Каримова 52 жашта. Ал 2 бала, бир небереси менен чогуу бирөөнүн кампасында күн кечирет. “Өзүмдөн 25 жаш улуу адамга...









