Төө-ашуу Бишкек шаарынан 135 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын түндүк-түштүгүн бириктирген Бишкек-Ош стратегиялык жолунда дениз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте орун алган. Бул жол аркылуу кышы-жайы дебей жүк ташыган жана эл ташыган унаалардын саны суюлбайт. Дайым жол жүрүп, жолдун сырын да, чырын да түшүнгөн айдоочулардын олуттуу көйгөйлөрүнүн бири ашуудагы жолдун абалынан начардыгы. Белгилей кетсек, жылына оңдоп-түздөө чаралары көрүлгөнүнө карабастан, айрыкча жаз айларында чүңкурчалар көп болуп, жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратат. Айдоочулардын айтымында, азыркы таптагы күйүүчү майдын кымбатчылыгы аз келгенсип, жолдун начардыгынан да чыгымдарга учурап жатышкандыктарын билдиришти.
Африкага күйөө бала болгон Марат
Блогер жана саякатчы Марат Ниязмат уулу сүйүктүүсү Люси менен баш кошуп, Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Биз жаңыдан түтүн...









