Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде төрөт учурунда төрөткана кызматкерлери убагында жардам көрсөтпөгөндүктөн баласы жерге кулаганын айткан эне билдирүү тараткан. 10 күн мурда орун алган бул окуя тууралуу айтып, биздин телеканалга акыйкаттык издеп жаңы эле көз жарган Элеонора Нурдинова кайрылды. Ал “дарыгерлер убагында төрөт кабыл алганда мындай болмок эмес. Балам майып болуп калса ким жооп берет?” дейт. Ошондой эле Нурдинова балдар үйүндө өскөнүн, 3 баласын жалгыз багарын жана жардамдын бардык түрүнө муктаж экенин айтат.
Элеонора Нурдиновага жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0501 60 40 97