30-январдан 31-январга караган түнү Бишкектин ар кайсы аймактарында турган 8 унаа белгисиз себеп менен өрттөлгөнү кабарланып, кийинчерээк шектүү милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Биз унаасынан кол жууп калган жабырлануучулар менен сүйлөштүк. Алардын бири унаасынын өрттөнүп жатканын көрүп нес абалга туш болгонун айтса, экинчиси өрттөлгөн унаасына кыялданып жүрүп жеткенин билдирди. Ал эми жабырлануучулардын дагы бирөөсү айдоочуларга “унааңарды токтоткондо ар дайым эшиги жабылган–жабылбаганын текшерип жүргүлө” деп кеңеш берди.
16 жаштагы кыздын апасы: “Өз атасы кол көтөрүп, оозго алгыс сөздөр менен айыптаган”
14-декабрда “16 жаштагы кызыма өз атасы кол көтөрдү” деген аял милицияга арыз жазган. Анын негизинде мурдагы жолдошу убактылуу кармоочу жайга...










