Учурда өлкө боюнча сасык тумоо каптап, ооруканаларда элдин көп экени байкалууда. Эл “бул жолку сасык тумоонун түрүнөн дарылансак да айыкпай жатабыз” дешүүдө. Айрымдар аны Гонконг сасык тумоосу деп атоодо. Бул жолу келген сасык тумоонун алдын-алуу үчүн эмне кылуу керек? Андан кантип айыгабыз? Бул суроолорго Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын балдардын жугуштуу оорулар кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты врач-педиатр-инфекционист Чыныева Дамирахан Камчыбековна жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин алдыңкы эпидемиологу Суранбаев Султан Турусбекович жооп берди.
“Шал болуп калган жолдошумду жаш баладай кылып багам” | Тагдыр
Абдыманап Кожалиев өз алдынча кыймылдай албайт. Дарыгерлер ага БАС оорусу деген диагноз коюшкан. БАС – дененин кыймылына жооп берген нерв...









