Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык соту жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасын карады. Отурумга активист өзү карантинге жана коронавируска байланыштуу алып келинген жок. Анын тарапташтары «ал жигит өзү жана чогуу бир камерада отурган 20га чукул жаран ковид жуктуруп алган окшойт» деп тынчсызданышууда. Жарандык активистти колдоп келген туугандары жана тарапташтары, ошондой эле кичинекей уулу да колуна «соттор адилеттүү болгула» деген чакырык жазылган плакаттарды кармап турушту. Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун Кудайбергеновду камакка алуу чечимин күчүндө калтырды. Тактап айтканда, ал 15-апрелге чейин камакта болот.
“Үйүбүздү курулуш компания 13 жылдан бери бүтүрбөй жатат” | Акыйкаттык издегендер
Бишкектин Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу турак жай 13 жылдан бери бүтпөй турат. Кардарлар “ОППС строй” компаниясынын убадасына ишенип, акча беришкенин...









