Бир канча тарыхый тасмаларда роль жараткан актёр, КРнын Эмгек сиңирген артисти Абдыкалык Акматов оор абалда ооруканада жатат. Биз анын абалын билип кайттык. “Башында жолдошумду сасык тумоо болуп ооруп жатат го деп жүрдүк. Бара-бара рактын 4-стадиясы экенин билгенде шок болдук. Азыр абалы оор, тамак ичпейт, бир гана дары-дармек менен жашап жатат”дейт актёрдун жубайы. Толугу менен видеодон көрүңүз.
“Үйүбүздү курулуш компания 13 жылдан бери бүтүрбөй жатат” | Акыйкаттык издегендер
Бишкектин Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу турак жай 13 жылдан бери бүтпөй турат. Кардарлар “ОППС строй” компаниясынын убадасына ишенип, акча беришкенин...









