Апрелдин аягында Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжалда 36 бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылып, алардын арасында Лейлектин Интернационал айылынын 12 жашар тургуну Мадина Рахматжанова да бар. Он гүлүнүн бири ачыла элек Мадинанын жанын тажиктер тараптан жааган миномёттун огу алып кете берген. Эң өкүнүчтүүсү – ал апасынын көз алдында каза тапты. Бир кызын жоготуп, бир кызын кучактап, ооруканада жаткан Нарбүү Хамдамованын абалынын канчалык оор экени айтпасак да белгилүү. Биз Баткен окуясынын күбөсү, оор үшкүрүнгөн Нарбүү Хамдамова менен анын дагы бир кызы Нурдиананын абалын сурап, болуп өткөн окуя тууралуу өз оозунан уктук.
Такси кызматында иштеген аял: «Жолдошум иштебей эле кой дейт»
"Тузу оор кесиптер" долбоорунун бул жолку каарманы Бишкектин көчөлөрүн беш манжасындай жакшы билет. Анткени ал 14 жылдан бери такси кызматында...










