Мажит жана Кызсайкал: “Үйүбүздү сүрдүргөнү жатышат”
Бул жолу редакциябызга ырчы Кызсайкал Кабылова кайрылып, чоңоюп-өскөн үйү сүрдүрүлгөнү жатканын, акыйкаттык издеп жатканын айтып кайрылды. Анын айтымында, Бөрүбаевдердин үй-бүлөсү 1997-жылдары шаардын четинен жер тилке сатып алып, үй салышкан. “Аталган жер тилкеси мурда өзүн жердин ээси катары тааныштырган жарандан сатып алынган. Бирок 29 жыл өткөн соң, аталган жарандын бир тууганы тарабынан жер тилкесине карата талаш жаралууда” деп билдиришет Бөрүбаевдер. Биз тараптардын пикирин уктук.