Өткөн аптада SEREPTV’га “Кепедей үйдөгү кем турмуш. “Ташиевдей эл адамы болсун деп 11-балабыздын атын Камчыбек койдук” деген аталыштагы видео жарык көргөн. Анда 11 бала төрөгөн эне турмушунун оордугу, 11-баласына эмне үчүн Камчыбек деген ысымды ыйгарганы тууралуу айтып берген. Андан бир нече күн өтүп редакциябызга ишкер айым кайрылып, аталган үй-бүлөгө жардам берерин айтты. Биз Канышай Кулбаева менен биргеликте каарманыбыздын үйүнө барып, эне жана балдардын кубанычына ортоктош болуп келдик. Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: МБанк: 0500 40 22 88 СБЕРБАНК: +7 980 3951721, 5228 6005 9319 8155 (Улукбек)
Гонконг сасык тумоосу. Аны кантип дарыласа болот?
Учурда өлкө боюнча сасык тумоо каптап, ооруканаларда элдин көп экени байкалууда. Эл “бул жолку сасык тумоонун түрүнөн дарылансак да айыкпай...










