Abank_june
SerepTV Logo

Москвада сөөгү табылган келиндин апасы: “Курсагын жарып, мууздап, кара пакетке ороп коюшуптур”

Май айында Орусияда 33 жаштагы Айгерим Таалайбек кызынын жансыз денеси туугандары тарабынан дивандын алдынан баштыкка оролуп, скотчтолгон абалда табылган. Айгеримдин пасы Нурпаша Кайыпбердиева SEREPTV'га акыйкаттык издеп кайрылып, “кызым мыкаачылык менен өлтүрүлүптүр. Башка балдарым аны мууздалган, дене-мүчөсү кескиленип, курсагы жарылган абалда табышты. Кылмыш кылгандар жазасын алышын талап кылам” дейт. Маркумдун артында 3 баласы калды.