Өспүрүмдүн бутунун кесилиши, нефрологдун камалышы. Тараптар эмне дейт?
11-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрологу Насира Бейшабаеваны кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбоо беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратты.
Бейтаптын апасынын айтымында 2024-жылы Насира Бейшебаеванын дарылоо ыкмасынан кийин 9 жаштагы кызынын буту Түркияда ампутацияланган.
Ал эми дарыгердин жакындары Бейшебаева кесипкөй адис экендигин белгилеп, өлкө жетекчилигинен ишти кайра карап беришин суранышты. Толугу менен видеодо.