Royal
SerepTV Logo

“Сереп ТВ үмүттүн шооласын жандырды. Лечо салатка ууланган кызыма дагы 500 миң сом жетпей турат”

Эсиңиздерде болсо, мындан бир нече ай мурун SEREPTV телеканалына кышкы салатты жегенден кийин шал болуп калган 15 жаштагы Фатиманын окуясы чыккан. Ошондон бери бир нече ай өттү. Биз Фатимадан кабар алуу үчүн алардын үйүнө кайрадан барып, кабар алдык. Фатиманын апасы Саманта Назарова билдиргендей, SEREPTV’га алардын видеосу жарыялангандан каарманыбыздын эсебине 1,5 миллион сом чогулган. Бирок апасы Фатиманын дарылануусуна бул каражат жетишсиз болуп, дагы 500 миң сомдой акча керек болуп жатканын айтты. Биз бул үй-бүлөнүн учурдагы абалы менен тааныштык.

 

 Жардам берүүнү каалагандар үчүн номерлер:

 MBank: 0501 42 09 78 (Саманта Н.)

О!Деньги: 0501 42 09 78 (Саманта Н.)