Абдыманап Кожалиев өз алдынча кыймылдай албайт. Дарыгерлер ага БАС оорусу деген диагноз коюшкан. БАС – дененин кыймылына жооп берген нерв клеткаларынын өлүүсү. Башкача айтканда булчуңдардын шал болуусу. Бул сейрек кездешкен оору менен жабыркаган адам кыймылдай албагандан тышкары, сүйлөө, жутуу, дем алууда кыйналат. Мындан улам, каарманыбызды жубайы багат. “Жолдошума тамакты кашыктап берип, жуунтуп, кийинтип, жаш баладай карайм” дейт каарманыбыздын жубайы, 4 баланын энеси Жумагүл Жолчиева. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: МБАНК: 0500 46 36 40 (Жумагүл Ж.)
Итке таланган баланын окуясы. “Балам 2,5 жашында апасынан калган”
1-апрель күнү Бишкек шаарынын Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда 5 жаштагы Умарды иттер талап кеткен. Натыйжада бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган....









