Мындан 3 ай мурда биздин телеканал вагонду үй кылып жашаган Бакыт Жуманалиев аттуу жарандын тагдырын көрсөткөнбүз. Анда каарманыбыз ““Апам жана кызым ракка кабылган, жубайым жана дагы бир кызым башынан жабыркайт. Аларга тамак таап келип, кезек менен жуунтуп, карайм” деген эле.
Жуманалиев ошол видеодо көрсөткөн кызы бүгүнкү күнү тилекке каршы чарчап калганын айтат. Ошондой эле SUPERTV’га видеоматериал жарык көргөндөн кийин кайрымдуу адамдардан 15 миң АКШ доллары чогулганын, ага үй сатып алганын кошумчалады.
Африкага күйөө бала болгон Марат
Блогер жана саякатчы Марат Ниязмат уулу сүйүктүүсү Люси менен баш кошуп, Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Биз жаңыдан түтүн...









