Бишкек шаарынын тургуну Кыял Үсөнканова паспортунун Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери тарабынан жасалмаланганын билдирди. Ал башка аялга берилген документте сүрөт жана кол тамгадан башка арыз ээсинин бардык маалыматтары камтылганын жана август айынан бери бул боюнча тиешелүү чара көрүлүшүн талап кылып келерин айтат. Биздин чыгармачыл топ Үсөнканова жана анын жактоочусу менен Калкты тейлөө борборуна барып, бул окуя боюнча тиешелүү өкүлдөрдөн комментарий алууга аракет кылып көрдүк.
Ракка кабылган эне: “Жолдошум, кыздарым, силерди кыйнап койдум. Кичине чыдап койгулачы”
Буга чейин биздин каналда “Кокус көзүм өтүп кетсе кыздарды жакшы кара” деген аталыштагы видеоматериал жарык көргөн. Анда каарманыбыз Айгерим Төлөгөнова...









