Фатима 15 жашта. Ал мындан 3 жыл мурда кадимки кышкы салатты жегенден кийин ууланып, ошондон бери төшөктө жатат. Өз алдынча кыймылдай албайт. Апасы Саманта Назарова кызына тамак-ашты түтүкчө аркылуу берет. Кызынын эмне каалап жатканын энеси гана анын ишараты аркылуу түшүнөт. “Дасторкондо турган кышкы салатты туугандар баары жеген, алардын ичинен кызым эң оор көтөрүп, натыйжада минтип төшөктө жатып калды. Салат ачый баштаганбы деген күмөнүм бар” дейт эне. Фатимага жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: О!Банк: 0501 42 09 78 (САМАНТА Н.)
Кампада жашаган аял: “80ге таяп калган жолдошум таштап, балдарына кетип калды”
Салкынай Каримова 52 жашта. Ал 2 бала, бир небереси менен чогуу бирөөнүн кампасында күн кечирет. “Өзүмдөн 25 жаш улуу адамга...









