Эсиңиздерде болсо, мындан 4 күн мурда “Тагдыр” берүүсүндө биз таштанды таштоочу жайда күнүмдүк оокатка акча таап эмгек кылган Мыктыбек Имаров аттуу адамдын тагдырын көрсөткөнбүз. Ал анда барар жери жок экенин айткан (бул жерден көрүңүз: https://www.youtube.com/watch?v=Mgq93vKWvxs )
Видео биздин каналга чыккан соң, каарманыбызга жардам берүүнү каалагандар редакциябызга коңгуроо кылып жатышты. Андан 2 күн өткөн соң Имаровдун жакындары пайда болгону белгилүү болду. Биз анын абалын сурап, кабар алып, кичи мекени Кадамжайга узатып келдик.
Африкага күйөө бала болгон Марат
Блогер жана саякатчы Марат Ниязмат уулу сүйүктүүсү Люси менен баш кошуп, Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Биз жаңыдан түтүн...









