Бишкектин четиндеги таштанды таштоочу жайда баш-аягы 100дөй адам таштанды терип, иргеп, сатып иштейт. Алардын алды 20 жылдан бери дал ошол жайда нан таап жейт. Күндүн ысыгы, шамал коштоп буркурап жаткан түтүн, мурун жарган жагымсыз жытка карабай күнүнө 8-9 саат таштанды терип иштегендер менен сүйлөшүп келдик. Толугу менен видеодо.
Кампада жашаган аял: “80ге таяп калган жолдошум таштап, балдарына кетип калды”
Салкынай Каримова 52 жашта. Ал 2 бала, бир небереси менен чогуу бирөөнүн кампасында күн кечирет. “Өзүмдөн 25 жаш улуу адамга...









