Эсиңизде болсо, былтыркы каргашалуу кара июль мезгилинде өз каалоосу менен ыктыярчы – медик катары иштеген 22 жаштагы Адинай Мырзабекова 13-июлда каза болгон. Ажалга арачы болом деп, өзү ажалга моюн сунуп берген Мырзабекованын элесине эстелик коюлду. Ал Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы жыйындар залында жайгашкан. Бүгүн биз дал ошол ыктыярчы баатыр кыздын ата-энеси менен маектешип, Мырзабекованы эскеребиз. Толугу менен видеодо.
Африкага күйөө бала болгон Марат
Блогер жана саякатчы Марат Ниязмат уулу сүйүктүүсү Люси менен баш кошуп, Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Биз жаңыдан түтүн...









