Назира Элдияр кызы Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардын биринде 3 кызы менен вагондо күн кечирет. Ал бир убакта тирөөчү болгон апасынан, жолдошунан айрылып, бүгүнкү күндө элден жардам суроого аргасыз болуп турган чагы. Учурда жамгыр жааса шыбынан суу тамган, жашоого кооптуу темир вагондо кыздарынын балалык доору өтүүдө. Алардын келечегин курам деп жан үрөгөн каарманыбыз базардан коробка терип, сатып, кээде күнүмдүк иштерге жалданып иштеп, тыйын табарын айтат.
Эмчек рагына кабылган актриса: “Өлсөм да өз мекенимде өлсөм экен деп тилендим”
“Эркектер” тасмасынын 1,2,3-бөлүгүндө роль жараткан актриса Мээрим Курманалиева учурда эмчек рагы менен күрөшүүдө. “Турмушка чыккам. 3 баланын энеси болдум. 11...









