Үстүбүздөгү жылдын февраль айында SUPERTV’га “Бир келиндин айынан бүтүндөй бир айылдын тургундары жүз карашпай калыштыбы?” деген темада видеоматериал чыккан. Анда бир айылдын тургундары эки жылдан ашык убакытан бери чырдашып келгенин айткан болчу. Кечээ жакында биз “окуянын жыйынтыгы кандай болду?” деген суроо менен зордуктоого аракет кылды деп шектелген Мухсим Шамовдун атасына кайрылдык. Ал уулунун акталганын жана учурда ден соолугу начарлап кеткенин айтты. Видеонун биринчи бөлүгүн бул шилтемени басып көрүңүз. https://www.youtube.com/watch?v=htsMUsNALvY
Жалал-Абадда каза болгон 32 жаштагы келиндин жакындары акыйкаттык издешет
Аксы районунда каза болгон келиндин жакындары тергөө иштерине нааразычылыгын билдиришип, иштин адилет каралышын суранышат. Маркум келиндин ата-энеси кызынын өз жанына...









