27 жашында 34 жаштагы жолдошу тарабынан бычакталып, алган оор жаракатынан улам ооруканада бир үйдүн көкүрөк күчүгү, эрке кызы жан бергенин айтып “SUPERTV” телеканалына маркумдун жакындары кайрылды. Бул оор жоготууга ишене албай жатканын айтканын алар “кызыбыз гүлдөй жайнап турган кезинде кете берди” дешет. Келиндин жолдошу да алган жаракаттан улам учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын анын атасы айтып берди.
6-кабаттан кулап каза болгон эне-бала жерге берилди. Тараптар эмне дейт?
Мындан эки күн мурун 27 жаштагы келин 2 кичинекей баласы менен көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулаган. Келин менен 2025-жылы туулган...









