Кара-Балта шаарынын тургундары Акназаровдордун үй-бүлөсүндө оор жоготуу орун алды. Бир үй-бүлөнү алга сүрөп, багып-коргоп келген уулун топ жигиттер ур-тепкиге алып, ал алган жаркатынан улам каза болгон. Үй-бүлө мүчөлөрү аны сабап кармалган шектүүлөр күч органдарынын мурунку кызматкерлеринин балдары экенин белгилеп, тергөөдө аларды сотко жеткирбей кое берүү аракетин көрүлүп жатканын айтышууда.
Изделип, сөөгү табылган Санжардын апасы: “Баламдын өлгөнүнө дале ишене элекмин”
4-апрелде Санжар аттуу 16 жаштагы бала үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, апасы соцтармактагы баракчасы аркылуу ага издөө салган. Санжарды...









