Ош облусунун Кара-Суу районундагы Каратай айылында 9-класстын окуучусу мектепте балдардын ур-токмогунан улам каза болгон. Маркумдун ата-энеси «Уулубуз өлөрүнө чейин бир нече күн улам күрмөсү айрылып келип жаткан. Эмне болгонун сурасак, айткан эмес. Баарын ичине сактаган бала болчу. Тун уулубузуду жоготуп, кан жутуп отурабыз. Биздин балабыз рэкетчиликтен өлгөн акыркы бала болсун. Тиешелүү жактар катуу чара көрүлүшүн каалайбыз» дешет.
Нарындагы окуучунун өлүмү: Иш «кыргызча» жабылып кетеби?
Милиция маалымат берип, 1-апрелде Нарындын Ийри-Суу айылындагы мектептин 7-классынын окуучусу өз жанын кыйганын билдирди. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү....









