Бишкектин Аламүдүн районунда жайгашкан ГЭС-2 айылында газ жарылып кырсык катталды. Анын кесепетинен 14 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы бир бала жараат алган. Тургундардын айтымында, кырсык бүгүн 11-февраль күнү саат 14:00до болгон. Жарылуу катуу болгондуктан жанындагы жакын үйлөргө кедергисин тийгизген. Учурда жараат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Жакын жашаган тургундардын айтуусунда, жарылып кеткен үйдө апасы эки баласы менен жашачу. Жарылуу катуу болгондуктан 10 чакты үйдүн дубалдарына жарака кетип, терезелери сынып кеткен. Түп орду менен урап калган бул турак жайда жарылуу эмне себептен экендиги боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кочкордо үйүнө ууру кирген окуя. “Шектүү уул-келинимдин шеринелеши экен”
уга чейин SEREPTV’га “Уурулар уул-келинимди арматура менен уруп, сейфти алып кетишти” деген Кочкор районунун тургунунун видеосу жарыяланган. Анда үй ээси...