Бишкекте тапанчадан чыккан октон улам каза болгон 48 жаштагы Жибек Урустемова КЭУнун мугалими болгон. 23-декабрь анын туулган күнү болчу. Маркумдун апасы “Кызымды анын экс-жолдошу менин көз алдымда чыкыйына атты. Жаркыраган кызымды жоготуп, кан жутуп турам” дейт. Бул факт боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда. Урустемованын артында 3 баласы калды. SEREPTVтелеканалы маркумдун каза болгонуна байланыштуу жакындарынын аза-кайгысын тен бөлүшүп, көңүл айтат.
6-кабаттан кулап каза болгон эне-бала жерге берилди. Тараптар эмне дейт?
Мындан эки күн мурун 27 жаштагы келин 2 кичинекей баласы менен көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулаган. Келин менен 2025-жылы туулган...









