70 өнөрдүн ээси Табылды Актандын табылгыс кенчи
Актёр, ырчы, обончу, композитор, төкмө акын, драматург, манасчы — бир адамга мынчалык өнөр кантип батат? Кыргыз Республикасынын Эл артисти Табылды Актан студиябыздын коногу болду. Маекте өнөрпоз чыгармачылык жолу, туулуп-өскөн айылы, атадан өткөн таланты жана өмүрүндөгү кызыктуу учурлар тууралуу айтып берди. 18 жашында үйлөнгөнү, «билими жок актёр» аталышынын сыры жана “Айыл өкмөтү” тасмасы анын тагдырындагы орду тууралуу да кеп кылды. 70 өнөрдүн ээси Табылды Актандын табылгыс кенчи, чыгармачылыгы жана таалайлуу тагдыры тууралуу маекти толугу менен видеодон көрүңүз!