“Жамийла” фильминде жеңесинин аркасынан чуркап, “Жамийла, Жамийла” деп ыйлаган бала бүгүн жашы 70ке таяп, небере багып, чоң ата болуп калган кези. Назрет Дубашев бала кезинде эле кыргыз керемети аталган “Биринчи мугалим”, “Бакайдын жайыты”, “Жамийла” жана башка тасмаларда роль жараткан. Ал ошол кезде кыргыз киносунун дөө-шаалары менен чогуу бир тасмада ойногону менен сыймыктанарын айтат. Бул маекте каарманыбыз бизди 60-жылдарга жетелеп, тасмадагы жана камера артында калган кызыктарды эстеп айтып берди.
Бишкекте 7000 оюнчук илинген башкы балаты жанды
Бүгүн, 15-декабрь күнү Бишкек шаарында башкы балатынын чырагы жандырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаар тургундарына жана конокторуна жагымдуу маанай...









