Бүгүнкү каарманыбыз – улуу-кичүү муундун жүрөгүнөн түнөк тапкан обондорду жаратып, бүт өмүрүн музыкага, чыгармачылыкка арнап келе жаткан кыргыздын кызы Каныкей Эралиева. Каарманыбыз музыка дүйнөсүнө эрте келген жана ушул күнгө чейин топтогон тажрыйбасы жана билими менен көптөгөн шакирттерди таптап, бир топ адамдын чыгармачылыкка жол салуусуна түрткү болуп келет. #SEREPTV_podcast’та Кыргыз эл артисти, композитор, аткаруучу, Даңк орденинин ээси Каныкей Эралиева.
Карылар үйүндө ырдап жатып ыйлаган жигит: “Бир жылда 4 жакынымдан айрылгам”
Интернетте карылар үйүндө ырдап жатып көзүнө жаш алган ырчы Медет мырза менен маектештик. "Мен ыйлабайт элем ал жакта отурган ата-энелерди...









