SEREPTV телеканалы мындан 5 күн мурда актёр, ошол кездеги КРнын Эмгек сиңирген артисти Абдыкалык Акматовдун ден соолугунан кабар алып, видеоматериал жарыялаганбыз. Маданият өкүлдөрү, эл бир ооздон “наам берилсе жакшы болмок” деп жатышты. Андан 2 күн өтпөй, президенттин жарлыгы менен Абдыкалык Акматовго КРнын эл артисти деген наам ыйгарылып, аны президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев тапшырып кетти. дал ушул жакшы жаңылыкка себепчи болуп калганыбызга кубанып, аталган борборго актёрдун жубайынын чакыруусу менен кайрадан келип маектешип кайттык. Толугу менен видеодон көрүңүз.
Карылар үйүндө ырдап жатып ыйлаган жигит: “Бир жылда 4 жакынымдан айрылгам”
Интернетте карылар үйүндө ырдап жатып көзүнө жаш алган ырчы Медет мырза менен маектештик. "Мен ыйлабайт элем ал жакта отурган ата-энелерди...









