SerepTV Logo

Курал Чокоев: “Эмгек сиңирген артист болуу – чоң жоопкерчилик экен”

Курал Чокоев 22 жылдан бери чыгармачылыкта жүрөт. Ушул жылдар аралыгында сахнада өз ордун таап, көптөгөн образдарды жаратып, ырчылык жана актёрдук өнөрү менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду.
Кечээ жакында анын эмгеги Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам менен бааланды. Көп жылдык эмгектин жыйынтыгы болгон бул наам артистке кубаныч менен катар чоң жоопкерчилик да алып келгенин айтат. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деп тааныштырууга көнө албай жатам. Олуттуу боломбу же мурдагыдай шайыр жүрө беремби деп ойлонуп калдым. Бул чоң жоопкерчилик экен” дейт Курал Чокоев.
Ырчынын басып өткөн жолу жана жаңы наам тууралуу маекти толугу менен видеодон көрүңүз.

SEREP MEDIA