Белгилүү режиссёр Ырыс Жоомартова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Ал бир жарым жыл мурун «Октябрь» кинотеатрына директор болуп дайындалган учурда кинотеатрдын абалы мышык ыйлагыдай болгонун айтат. Кинотеатрга өз чөнтөгүнөн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, акыркы иштери калганда Чүй драмалык театрына өткөрүлүп берилет дегенди угуп, акыйкаттык издеп жүргөнүн билдирди.
Бишкекте 7000 оюнчук илинген башкы балаты жанды
Бүгүн, 15-декабрь күнү Бишкек шаарында башкы балатынын чырагы жандырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаар тургундарына жана конокторуна жагымдуу маанай...









