Паранжага тыюу салуу керекпи? Элдин жана депутаттардын пикири

Муфтияттын паранжага, никабга тыюу салган чечим кабыл алганы коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан никаб парз эмес деп, паранжа тагуу негизги диний маселелерге кирбей турганын түшүндүрүп, коомго жат көрүнүш экенин билдиришти. Биз бул боюнча элдин жана депутаттардын пикирин угуп көрөбүз.