Бүгүн күнгө жекшемби, 7-март. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 ай, Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодон жеңип чыкканына дээрлик 2 ай болду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана ошол эле күнү өтүүсү пландалып жаткан жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга 1 айдай калды. Соңку парламенттик шайлоонун жеңишин 2 эле партия бөлүшүп алганы анын жыйынтыгы жокко чыгарылышына, Сооронбай Жээнбековдун бийликтен куулушуна алып келип, жаңы келген команданын айтымы менен атүгүл өлкөнүн башкы документи өзгөрүүнүн алдында турат. Бирок ушундай чоң өзгөрүүлөр болуп жатканына карабай, айрым жагдайлар такыр эле өзгөрүүсүз калгандай туюлат. Анын акыркы мисалын алсак, бул – мурдагы күнү митингдерге тыюу салган чечимдин чыгарылышы. Туура бир жыл мурдагы күндөрдү эске түшүрүңүз… Жок, андан бери далай суулар агып, жер өзгөрүп тоо болуп, түз өзгөрүп зоо болду дей турган болсоңуз, анда “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичиндеги жогорудагы жана башка окуяларга саресеп салууну эп көрдүк.
#Аптага_сереп: Жээнбеков Кыргызстанды Бакиевдин дооруна кайтардыбы?
- Categories: САЯСАТ
Related Content
25 күндө 7 депутат кетти
Автор
Айзада Тураркулова
09:08 16.03.2026
Депутаттар президентке кандай суроо бермек? | «Собол TIME»
Автор
Айзада Тураркулова
09:00 12.03.2026
Депутаттарга алган айлыгы жетеби? | «Собол TIME»
Автор
Айзада Тураркулова
16:55 05.03.2026
Аудиолордун чуусу: Бир депутат, эки министр кетти. Бул окуялар эмнеден кабар берет?
Автор
Айзада Тураркулова
10:38 26.02.2026
Болот Ибрагимов эмне үчүн жеке жашоосун сыр сактайт? | Депутаттын кеңсесинде конокто
Автор
Айзада Тураркулова
10:06 20.02.2026